Ал учурда америкалык командачылык жөө аскерлер жаңы күч, согуштук техника менен бекемделгенче, Багдадды көздөй басышта бир аз тыныгуу алынганын маалымдады. Таңга маал ракеталык чабуул коюлган Ирактын маалымат министрлигинин имараты талкаланып-бүлүндү. Америкалык командачылык Нежеф калаасынын чет жакасындагы Ирактын Республикалык гвардиясы менен салгылаштарда кеминде 50дөй ирактык жоокер набыт болгонун айтат. Ирактын маалымат министри Сайид Ал-Сахаф өткөн түнкү бомбалоодон 62 карапайым адам шейит болгонун, алардын 58и бүгүн таңга маал бомбаланган Багдаддагы базарда мерт болушканын билдирди.