Сребреница курмандыктарын эскерүү күнү

Дүйшөмбү күнү Боснияда Сребреницадагы кызыл кыргындын курмандыктарын эскерүү күнү.
Босниялык сербдердин аскерлери 1995-жылдын 11-июлунда Сребреницаны басып алгандан кийин 8 миңге жакын босниялык мусулманды өлтүрүшкөн.
Потачари кыштагында аты жөнү такталган 600 адамдын сөөгү жерге берилет жана анын тажиясына миңдеген босниялыктар катышат деп күтүлүүдө.
Босниянын чыгышындагы адамдар топ-тобу менен көмүлгөн ондон көп көрүстөндөгү 5 миңдей адамдын сөөгү изилденип, бирок 800-дөн бир аз көп адамдын жасаты таанылган.