Ооганстандын түштүк-чыгыш бөлүгүндө айыгышкан уруштар жүрүп жатат

Талиптердин быткыл-коодо жашынып калган отряддары өкмөттүк аскерлердин позициясына кол салып, тараптар артиллериядан аткылашып жатышат. Өкмөт аскерлеринен набыт болгондор бар. Бийликтер уруш тутунган районго шашылыш түрдө кошумча аскер бөлүктөрүн жөнөтүүдө.