Саддам Хусейн согушта жабыр тарткан ирактыктыктарга акчалай компенсация төлөп берүүгө буйрук берди

Бул тууралуу Ирактын вице-президенти Таха Ясир Рамадан мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу маалымдады. Рамадандын айтымында, Ирактагы согуштан зыян тарткан бардык аскерлер менен катардагы жарандарга мамлекеттик казнадан ири көлөмдөгү каржылык жардам бөлүнөт.