Аскердик трибунал алдында жооп бере турган жөөт офицерлеринин бири өткөн декабрь айында таксиде бараткан палестин аялды атып-өлтүрүп, жанындагы бир кишини жарадар кылган. Мойнуна кине тагылган израилдик экинчи офицер октябрь айында палестиндердин демонстрациясына ок ачып, бир кишинин өмүрүн кыйган.