Ишембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен Европа Биримдигинин тышкы саясаты боюнча башчысы Хавьер Солананын жолугушуусу ушул маселеге арналды. Кездешүүнүн соңунда Пауэлл эки тарап тең – Иракта Бириккен улуттар уюму белгилүү роль ойношу керек деп эсептээрин белгиледи. "Биз – Улуттар уюму Иракта кандай роль аткарышы керек деген суроонун тегерегиндеги сүйлөшүүлөрдүн баштапкы баскычындабыз. Бириккен Улуттар бардык маселелерде өнөктөш болоору шексиз. Буга эч ким каршы чыккан жери жок", - деди АКШнын Мамлекеттик катчысы. Европа лидерлери согуштан кийин Иракты калыбына келтирүүдө Бириккен Улуттар Уюму башкы ролду ойношу керек деген пикирин айтышкан.