Мындай билдирүү Вашингтондук "Тайм" журналына берген интервьюсунда кытайлык дарыгерлер бийликтегилер оорулуулар жөнүндө көп маалыматты жашырып жатканын айткандан кийин таратылды. Коркунучтуу оорудан бүгүнкүгө дейре дүйнөдө 100дөн ашуун адам каза таап, бардыгы 2800дөй киши чалдыккан. Шаршембиде Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги өнөгөсүз өпкө оорусунун белгилери менен катталган алгачкы оорулуу дарыланып жатканын, аны менен тыгыз байланышкан 15 кишинин саламаттыгы ооруканада изилденип жатканын жарыялады.
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага
Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага