Ушундай пикирин Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Сеулда түштүк кореялык кесиптеши менен жолугушуудан кийин билдирди. Шаршембиде Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Вашингтон сунуш кылган Түндүк Кореяны Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыкканы үчүн айыптаган билдирүүнү кабыл алуудан баш тартып, анын ордуна Пхеньяндын соңку аракеттерине байланыштуу тынчсыздануу камтылган документти кабыл алган. Түндүк Корея өкмөтү Коопсуздук Кеңешиндеги бул жыйынды "согуш алдындагы кадам" катары баалады.