Гаагадагы эл аралык трибуналдын прокурору ага ушундай жаза берилишин талап кылды. Штакич Босниядагы ич ара согуш маалында Приедор шаарындагы жетекчилердин бири болгон. Айыптоочулар аны босниялык мусулмандар менен хорваттарга кызыл кыргын уюштурууда чечүүчү роль ойногон деп эсептейт.