Америкалык аскерлер Саддам Хусейндин энелеш бир тууганын колго түшүрүштү

АКШ армиясынын Катар өлкөсүндөгү маалымат кызматы Ватбан Ибрахим ал-Тикрити азыр коалиция күчтөрүнүн абагында отурганын бышыктады. Ал ички иштер министри болуп иштеген, 1995-жылдан бери Саддам Хусейндин кеңешчиси болгон.
Кечээ телекабарларда Ватбандын Ирак-Сирия чек арасынын жанында колго түшкөнү кабарланган эле.