Америкалык аскерлер Багдаддын жанындагы аэродромдон жоон топ куралчан кишини туткунга алышты.

Кармалган ирактыктар машинелерге курал жүктөп жатышкан экен. Рейд учурунда курал жүктөлгөн 8 машине жок кылынды. Бүгүн Багдаддын мечиттеринин биринде чоң митинг болду. Анын катышуучулары Америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылышты.