Европа банкынын башкы кеңеши Ташкен жыйынына чогулат

Реконструкциялоо жана өнүгүү боюнча Европа банкынын башкармалар кеңешинин кезектеги жылдык жыйыны 4-5-майда Ташкенде болору болжолдонууда. Ага вице-премьер-министр, реконструкциялоо жана өнүгүү боюнча Европа банкынын Кыргызстандагы башкармасы Жоомарт Оторбаев катышат. Кыргызстанга аталган банк кичине жана азыраак каржылоо программасынын алкагында 2002-жылдан бери 1,2 млн. доллар насыя берди. Бул программаны АКШ өкмөтү менен Европа Биримдиги каржылайт.