Йеменде америкалык үч миссионерди атып өлтүргөн деп айыпталган исламдык экстремисттин үстүнөн сот башталды

Абед Абдулразак ал-Камил былтыр декабрда америкалыктарга кол салуудан кийин дароо кармалган. Прокурорлор айыпталуучуну өлүм жазасына тартууну талап кылышууда.
Үч миссионер Йемендин түштүгүндө Жибла шаарындагы баптисттердин ооруканасында атып өлтүрүлгөн эле.