Бээжинде Пхеньян кризиси боюнча 3 тараптуу сүйлөшүүлөр өтүүдө

Америка, Кытай жана Түндүк Кореянын делегациялары жабык эшик артында Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасынын тегерегиндеги кризисти талкуулап жатышат. Вашингтон АКШнын Бээжиндеги чабарманы, мамлекеттик катчынын орун басары Жеймс Келли 3 күнгө созулчу сүйлөшүүлөрдө Түндүк Кореяны кооптуу программадан баш тарттырууга аракет кылат деп белгиледи.