Бул тууралуу Вашингтон дайындаган Ирактын убактылуу администрация башчысы, генерал Жей Гарнер бейшембиде ирактык окумуштуулар жана коомдук ишмерлер менен жолугушуу учурунда жар салды. "Азыр биз министрликтер менен башка өкмөттүк мекемелердин укук-милдеттерин аныктап, өлкөнү калыбына келтирүү иштерин жаңыдан баштап жатабыз. Ирактыктар өзүлөрү бүткүл башкаруу жоопкерчилигин өзүнө алууга даяр болор замат, бийлик аларга өткөрүлүп берилет", - деди отставкадагы генерал Гарнер.