Индиянын Кашмир штатында ислам сепаратисттери мамлекеттик телерадионун имаратына кол салышты

Бир террорист-жанкечти дүрмөттөлгөн машинасын жардырды, дагы эки экстремист ичкери киргенге аракет кылып, сакчылардын колунан набыт болушту. Атышуу учурунда сакчылардан да эки киши өлдү.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Эсенбай НУРУШЕВ, Прага