Аргентинада президенттик шайлоонун биринчи турунун алдын ала жыйынтыгы чыгарылды

Аргентинада жекшемби күнү президенттик шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун биринчи турунда өлкөнүн мурдагы президенти Карлос Менем жана Санта-Крус провинциясынын губернатору Нестор Киршнер алдыга чыгышты. Карлос Менем шайлоочулардын 25%нын добушуна ээ болду. Ал эми Нестор Кришнерге шайлоочулардын 20% добуш берди. Шайлоонун экинчи туру 18-майда өткөрүлөт.