Британ премьер-министри Иракта массалык жок кылчу куралдар табылат деген ишеничте

Британиянын премьер-министри Тони Блэрдин Лондондо ай сайын бир ирет болчу пресс-конференцияда айтышынча, коалициялык күчтөр Иракта тыйуу салынган куралдар изделчү 1 миң жайды такташкан. Бирок, Иракты кайра курууга өзгөчө көңүл бурулат деп белгиледи Т. Блэр.

- Биз эң алды өлкөнү стабилдештирүүгө, экинчи кезекте гуманитардык кырдаалга, үчүнчүсү - канча убактыбызды алса да - массалык жок кылуучу куралдарды издейбиз. Мен ар дайым айтып жүргөндөй, (андай куралдар) табыларына мен ишенем.

Блэрдин сөзүнө караганда, Иракта массалык жок кылуучу куралдары бар экенин тактап ырастоо проблемасы боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүүдө.