Колин Пауэлл Сирия жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүүдө

Тиранадан кийин Пауэлл бүгүн эле Сириянын борбору Дамаск шаарына келип, өлкө президенти Башар Ассад менен кездешет. Пауэллдин айтымында, Жакынкы Чыгышта аракеттенген террордук уюмдарды колдоону Сирия токтотуш керек жана Ирак режими кулатылгандан кийинки мезгилде өзүнүн саясатын кайрадан карап чыгууга милдеттүү. Дамасктын айтымында, Сирия АКШ менен эки тараптуу диалог өткөрүүгө даяр, бирок эч кандай ультиматум кабыл албайт.