Евросоюздун тышкы иштер министрлери бүгүн жыйынын аякташат

Ал кечээ Грециянын Родос аралында ачылган эле. Биринчи күндөгү талкууларда министрлер Израиль жана палестин тарабын региондогу жагдайды жөнгө салуу боюнча сунуш кылынган жаңы планды жүзөгө ашырууга чакырышты. ”Жол картасы” аттуу жаңы планды ООН, АКШ, Евросоюз жана Россия биргелешип иштеп чыгышкан. Министрлер бүгүнкү жыйында Ирактагы согуштан кийинки кырдаалды, Евросоюз менен Кошмо Штаттарынын ортосундагы алакалардын айрым проблемаларын талкуулашат.