Түркия АКШнын сын пикирлерин четке какты

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган мындай деп билдирди: “Өлкөнүн америкалык аскерлерди Иракка өз аймагы аркылуу өткөрбөй койуу чечими катаачылык болгон эмес, ал чечим чын ыкластан чыккан ак ниет чечим болгон!”

Түрктөр Ирак согушуна каршы чыгышкан жана өлкөнүн парламенти 1-мартта Иракка түндүктөн кирүүнү көздөгөн АКШ аскерлерин Түркиянын аймагы аркылуу өткөрбөөнү чечкен. Ушул жумада АКШнын коргоо министринин орун басары Поль Волфовиц Түркияны катачылыгын оңдоп, маселеге болгон көз карашын өзгөртүүгө чакырган.