Кытай Сегиздиктин жыйынына катышуу сунушун кабыл алды

Өнөр жайы өнүккөн сегиз өлкөнүн жыйыны келерки айда Францияда өтөт. Франциянын өкмөтү Кытайдын президенти Ху Цзинтаону Евиан шаарында 1-июнда баштала турган жыйынга чакырган эле. Ху Цзинтао Сегиздиктин негизги жыйындарына катышпайт, анын чегинде гана сүйлөшүү жүргүзөт.
Кытайдын тышкы иштер министрлиги бүгүн "Кытай жыйынга катышууга күжүрмөн даярданып жатат" деп билдирди.