Жаңылыктар Индия бүгүн Пакистанга жаңы элчисин дайындады 13-Май, 2003 Азыр Кытайда элчи болуп иштеп жаткан Шив Шанкар Менон Индиянын Исламабаддагы жогорку комиссарлыгына бекитилди. Майдын башталышында эки өлкө мындан эки жылдай мурда үзүлүп калган дипломатиялык алакаларын кайра улаганга макул болушкан эле.