Ирактын америкалык администрация тарабынан дайындалган саламаттыкты сактоо министри кызматынан кетти

Өлкөнүн америкалык убактылуу администрациясынын өкүлдөрү ырастагандай, Али Шенан ал-Жанаби мыйзамсыз деп жарыяланган "Баас " партиясындагы мурдагы ишмердүүлүгүнөн улам кызматынан кетти. Ал –Жанаби Саддам Хусейндин режими учурунда саламаттыкты сактоо министрлигинде жогорку кызматтардын бирин ээлеп турган эле. Эми анын министр болуп дайындалышына ирактык дарыгерлер нааразылык билдиришкен.