ТАЛАСТА АКЫЙКАТЧЫНЫН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

Машакбай Рахманкул уулу, Талас Жакынкы мезгилден баштап Таласта да Кыргызстандын Акыйкатчысынын өкүлчүлүгү иштей баштады. Анын башчысы Эсенжан Арыкбаев бизге маек куруп берүүгө макул болду.
- Кыргызстан Акыйкатчысынын Таластагы өкүлү катары ишти алгач эмнеден баштадыңыз?

- Мен Акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлү болуп быйыл 14-апрелден бери иш жүргүзө баштадым. Алгач облустук бийликтин өкүлдөрү, укук коргоо органдары, бейөкмөт уюмдардын лидерлери жана мүчөлөрү менен жолугуштум. Бир нече жолу облустук деңгээлде өткөн коомдук иш-чараларга катышып, алдыда аткара турган иштерибиз тууралуу ой бөлүштүк. Иш жаңы башталып жаткандан кийин кеңсе керек экен, тийиштүү даярдыгы бар адистерди даярдаш керек экен. Бул иштер дагы бир топ убакытты алып жатат. Учурдан пайдаланып айта кетейин, облустук администрация кеңсе маселесин чечип берди. Буюрса жакын арада аны тийштүү тартипке келтирип, зарыл жабдуу, мебель жана башкалар менен камсыз кылсак деп турабыз.

- Эми ушул штатыңыздарда канча адам болот, райондордо өкүлдөрдү кармайсыздарбы?

- Талас облусу, өзүңүз билесиз, башка облустарга караганда кичинекей эле. Элдин жалпы саны 100 миңден ашык болгону менен, бизге кайрыла турган жогорку курактагы адамдардын саны 100 миңдин тегерегинде эле экен. Ошондуктан штаттык бирдигибиз 2-3 адамдын тегерегинде болушу күтүлөт деп ойлоп жатам. Ушундай болгондон кийин райондорго өкүлдөрдү кармоонун зарылчылыгы барбы, жокпу? Менин оюмча анын зарылчылыгы деле жок болуш керек. Анын үстүнө облустук борборго келүү айыл эли үчүн анчалык деле кыйынга турбайт.

- Сиздердин аткара турган ишиңиздер кайсылар?

- Дүйнөдө адам укуктары тигил же бул деңгээлде бузулбаган бир да мамлекет жок. Бирок ар бир мамлекет өз жарандарынын укуктарынын сакталашына кам көрөт. Сот, прокуратура жана бүтүндөй мамлекеттик бийлик системасы адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылууга багытталган. Тилекке каршы, ошол мамлекеттик органдардын өздөрү адамдардын укуктарын бузса эмне кылышыбыз керек? Мына ушундай учурларда, өзгөчө укук берилген ортомчу катары биз мамлекеттик кандай гана бийлик органдары болбосун, бузулган адам укуктарын кайра калыбына келтирүүгө, адилеттикти камсыз кылууга милдеттүүбүз. Биздин негизги иштөө принцибибиз - бийлик органдарынан көз каранды болбойбуз жана элдин калың катмарына жакын болуп, мыйзам менен бекитилген кеңири укуктарга ээбиз.

- Сизге Акыйкатчынын өкүлү катары адамдар кайрыла баштадыбы?

- Азырынча кеңсебиз жоктугунанбы, арыз менен кайрылган адамдар боло элек. Бирок эл ичинде жүрүп жаткандан кийин, оозеки кайрылгандар бир топ эле. Ал эми өз демилгем менен жакында ачкачылык жарыялаган мугалимдерге жолугуп, алардын проблемаларын изилдеп, тиешелүү органдарга өз укугумдун чегинде маселе койдум. Буюрса иш башы жаман эмес, калганын дагы көрө жатарбыз.