Мaроккодо жанкечтилердин бардыгы аныкталды

Мaрокконун ички иштер министри Мостафа Сахел "эл аралык терроризмге" тийешеси бар 14 кишинин баарынын аты-жөнү аныкталганын билдирди. Жума күнү Касабланкадагы беш жардырууда 28 киши набыт болгон эле.
Министр бомба жардырган 12 киши өздөрү да кошо курман болгонун, чабуулдун калган эки катышуучусу колго түшкөнүн билдирди.