Алайда курулган жолдор менен көпүрөлөр керектен чыгууда

ОШ. Алай районунун Буудалык айылындагы, «Актилек» акционердик коому курган көпүрөлөр жана жолдор жарылып, керектен чыгууда. Буга байланыштуу район акими Баатыр Тойчиев Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын билдирүү менен кайрылды. Анын негизинде министрликтин атайын комиссиясы келип текшерип, «Актилек» акционердик коому көпүрөлөрдөн 4066 миң сомдук, жолдордон 439 миң сомдук, сууну Куншоро аркылуу өткөрүүдөн 25 миң сомдук каражатты «бармак басты, көз кысты» кылып, өөнөп калгандыгын аныктады. Баарысы биригип 1 млн. 94 миң сомдук кошуп жазуу болгон. Маселен, коом монолиттик бетон дубал тосмолордун ордуна Бүлөөлүнүн таштарын эле тизип таштаган. «Аларды «Актилек» кайра куруп бериши керек же маселе сот аркылуу чечилиши керек» дешет министрликтин адистери.