Парламент өлкө коопсуздугу маселесин талкуулады

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 26-майда Жалалабад облустук жана шаардык ички иштер имаратындагы куралдардын уурдалышын, күч структураларынын ишин талкуулады. Кечке дейре созулган талкуу жыйынтыгында депутаттар токтом кабыл алышкан жок. Депутат Махмуд Күчүков: «Куралдуу топ ички иштер бөлүмдөрүнө бекеринен кол салып, бекеринен Аксы районуна барган жок. Бул бийликти алуу үчүн тымызын күрөш жүрүп жаткандыгын билдирет» десе, депутат Орозбек Дүйшеев «бул мамлекеттик ички начар саясаттын натыйжасы» ,
деп билдирди. Палатанын үч комитетинин төрагалары даярдаган токтом долбоорунда өлкө коопсуздугун камсыз кыла албаган өкмөттү толугу менен кызматтан кетирүү, Ош, Жалалабад облус жетекчилери менен тартип коргоо органдарынын башчыларынын жекече жоопкерчилигин кароону президентке сунуштоо айтылган.