Кытайда өнөгөсүз өпкө оорусунун эң төмөнкү көрсөткүчү катталды

Акыркы бир күндүн ичинде өнөгөсүз өпкө оорусун жуктуруп алган сегиз адам аныкталып, эки киши каза тапкан. Алар негизинен Пекин шаарынын турундары. Бул - кытай өкмөтү өнөгөсүз өпкө оруусуна чалдыккандар менен анын курмандыктарынын санын жарыялай баштаган бир айдан ашуун убакыттан берки эң төмөнкү көрсөткүч. Бүгүн Орусиянын Амур облусундагы Благовещенск шарында орус–кытай чек арасынын өткөөл бекети туристтер үчүн кайрадан ачылды. Ал SARS илдетине байланыштуу убакытысынча жабылган эле. Эми эки жакка кирип – чыккандар медициналык кароодон кылдат өткөрүлүүдө.