Орусиянын бюджеттин эсебинен каржыланган кызматкерлеринин айлык акысы 1-чи октябрдан баштап 33 процентке жогорулайт

Вице-премьер Галина Карелованын айтымында, тийешелүү мыйзам долбору бүгүн өкмөттүн жыйынында каралып, Мамлекеттик Думага жөнөтүлдү. Жалпы эсеп менен, 15 миллион орусиялык жарандын айлыктары жогоруламакчы.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага