Колго түшкөн кээ бир ирактык жетекчилер жаңылыштык менен бошотулган

Ирактагы америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, анын аскерлери колго түшкөн Ирактын мурдагы жетекчилеридинин бири Мухаммад Жавад аль-Нейфус деген адамды 18-май күнү Умм Каср шаарында жаңылыштык менен бошотуп жиберген. Ал 1991-жылы миңдеген шийилерди өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүүдө жана азыр ага кайрадан издөө салынды. Британиялык жетекчилик болсо өзүнүн Ирактагы бир солдатын кармап, камакка алды. Ал аскер - колго түшкөн ирактыктарды кыйнаган деп күнөөлөнүүдө.