Бириккен Улуттардын жаңы элчиси Иракка эртең келет

Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Сергио Виейра де Мелло төрт ай бою уюмдун Ирактагы гумжардам иштерине баш-көз болот. Анын жаңы кызматы Иракка каршы санкцияларды күчүнөн кетирген жана АКШ менен Британияны Иракты оккупациялаган, демек аны башкаруу үчүн жоопкер өлкөлөр деп тааныган резолюцияда каралган.