Кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссия жыйыны башталды

БИШКЕК. 2-июнда Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны башталды. Кыргыз делегациясын Евразия экономикалык шериктештигиндеги Кыргызстандын вице-премьер-министрИ даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов жетектөөдө. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов билдирди. Анын айтымында, өкмөт аралык комиссиянын жыйыны 4-июнга чейин созулуп, анда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланат. Комиссия жыйынынын соңунда, 4-июнда Тажикстанга кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев жумуш сапар менен барат. Ал Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов менен жолугушуп, автомобилдик каттам, гидроэнергетика тармагында кызматташуу маселесин талкуулайт. Андан сырткары өкмөт башчылары Алай районундагы Сарымогол жергесин Тажикстандан Кыргызстанга кайтарып алуунун жүрүшүн да карашмакчы.