Орусиянын чек арачысы 20 жылга эркинен ажыратылды

Солдат андай жазага чогуу кызмат өтөгөн беш солдатты өлтүрүп, алтоону жарадар кылгандыгы үчүн тартылды. Өткөн ноябрда Карачай-Черкессиядагы аскердик бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөгөн солдат жолдошторуна ачуусу келип, ок ачкан. Сот солдат жолдошторунун басмырлаганына ыза болуп, ок ачканын аныктады.