Британ музейи бүгүн 250 жылдык мааракесин белгилеп жатат

Музей 1753 жылы 7-июнда ачылган жана адамзат тарыхындагы мындай биринчи мекеме болгон. Соңку жылдары музей финансылык олуттуу тартыштыктарга туш келди. Былтыр эле анын карызы 15 миллион долларга жетти. Мамлекет дотациянын көлөмүн жыл сайын кыскартууда. Бирок ушу күнгө чейин музей көрүүчүлөрдү акысыз тейлейт.