Аба-ырайынын бузулушу НАСАнын Марска спутник учуруу планын кайрадан үзгүлтүккө учуратты

Спутник Кызыл планетага робот жеткирип барууга тийиш. Робот өз кезегинде Марста суу, демек жашоо болгон-болбогонун изилдейт.
Ушуну менен аба-ырайынын кесепетинен учуу 24 саатта экинчи жолу кийинкиге калтырылып отурат. Жасалма жандоочу эми эртең учурулат деп күтүлүүдө.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага