БУУнун Башкатчысы Кофи Аннан Израилдин палестиналыктараг каршы чабуулун сындады

Бириккен Улуттар Уюмунун башкатчысы Кофи Аннан израилдик тикучарлардын Газа секторундагы кечээ күнкү чабуулдарын сынга алды.
Чабуулдан беш адам өлүп, “Хамас” уюмунун саясый жетекчилеринин бири Абделазиз Рантиси жана 30дай адам жарадар болгон.
Аннандын сөзүнө караганда, Израилдин бул сыяктуу чабуулдары Палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббастын “Жол картасын” аткаруу аракетин текке кетирет.
Аббас чабуулду “террорчулук” деп атады.
Мисирдин президенти Хосни Мубарак бүгүн Каирде Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони менен болгон кездешүүдөн соң, “Хамастын” саясый лидери Абдулазиз Рантизиге каршы чабуул “өтө сааты жок” иш болду деп билдирди.
Кофи Аннан бүгүн Вашингтондо Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл жана АКШ президентинин Коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен “Жол картасы” тынчтык планын талкуулашат.
Ак Үйдүн өкүлү Ари Флайшер Израилдин чабуулдары-Израилдин коопсуздугун бекемдебейт деп билдирди:

- АКШ президенти Ж. Буш адамдар арасында болгон жоготууга жана күнөөсүз палестиналыктардын өлгөнүнө терең кайгырат. Президент бул чабуул Палестин бийликтери жана башкалардын террорчулукту токтотуу аракетине тоскоол болот деп кооптонот. Президенттин пикиринче, чабуул Израилдин коопсуздугуна оң салым кошпойт.