Эфиопияда илимпоздор дүйнөдөгү эң байыркы адамдын баш сөөгүн казып алышты

Палеонтологдор Эфиопиянын Афар регионунда табылган эркек киши менен жаш баланын баш сөөгүн изилдөөнүн натыйжасында - алар мындан болжол менен 160 миң жылча илгери жашоо сүргөн деген тыянакка келишти. Буга чейин эң байыркы акыл-эстүү адамдын сөөгүнүн калдыктары Африкада табылган жана анын курагы 130 миңден 100 миң жылга чейин деп айтылып жүрчү.