Таңкы кабарларды даярдап, окуган - Венера Сагындык кызы, Прага шаары
Билл Клинтон дүйнөнүн ар башка аймактарында окуган дарстары жана жыйындарда жасаган баяндамалары үчүн былтыр бардыгы 9 жарым млн доллар тапкан экен. Анын жубайы, сенатор Хиллари Родхем Клинтон айым жакында жарыяланган " Тирүү баян" аттуу китебинин калем акысына 8 млн доллар алмакчы, азырынча бул каражаттын ичинен 1 млн доллардан ашууну колуна тийгенин ал сенатор катары толтурган финансылык декларациясында көргөздү.