Украинадагы кургакчылыктын коркунучу.

Акыркы эки ай бою катаал кургакчылык каптаган Украинада күздүк эгиндердин дээрлик 80 пайызы, жазында себилген дандын 60 пайызы чыгашага учуроо коркунучуна кептелди. Украинанын айыл-чарба министрлиги быйылкы жазда жаан-чачын өлкөнүн батыш тарабында гана жетиштүү болгонун маалымдайт. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Украинада быйыл эгиндин түшүмү былтыркы 39 млн тоннадан кыйла кыскарып, 25-27 млн тоннага айланаары болжолдонууда.