“КАМЕКОНУН” СУНУШУ ЭКСПЕРИЗДАН ӨТКӨН-ӨТПӨГӨНҮ БЕЛГИСИЗ

Сапар Орозбаков, Бишкек http://gdb.rferl.org/B00D2A3C-590A-4C9F-B308-33966A220440_w203.gif Өкмөт өзүнүн 4-январдагы токтому менен «Кумтор голд компани» биргелешкен ишкананын акцияларын сатып алуу тууралуу «Камеко» корпорациясынын сунушун юридикалык, финансылык жана техникалык экспертизадан өткөрүү жөнүндө чечим чыгарган. Экспертизанын бүткөн-бүтпөгөндүгү тууралуу ушу убакка чейин так маалымат жок.
Тагыраак айтканда, маалыматтар ар кандай болууда. Мыйзам чыгаруу жыйыны ушул маселе боюнча парламенттик угуу өткөргөндө «Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти Камчыбек Кудайбергенов «Камеко» корпорациясы киргизген сунушту экспертизадан өткөрүү бүтө жаздап калды» деп айткан болчу.

- «Биз – "Кыргызалтын" көз карандысыз юристтерди жалдайбыз,бирдеме болсо ошолор жооп берет» деп "Камекого" шарт койгонбуз. Алар макул болушту. Азыр юридикалык экспертиза бүтүп калды, - деген Камчыбек Кудайбергенов. Андан бери 2 ай өттү. 2 жума мурдараак «Кумтөр оперейтинг компнинин» тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Тынара Шайдылдаева экспертизанын бүткөнүн ырастаган болчу.

- Биздин маалымат боюнча кыргыз өкмөтү чакырган эксперттер жумуштарын бүтүп, документтерин өкмөткө тапшырыптыр. Алар кандай бүтүм чыгарышканын айталбайм. Анткени ал документтер жалаң гана кыргыз өкмөтүнө берилген, - деген Тынара Шайдылдева. Мындай маалымат Жогорку Кеңеште да бар.

- Менде ушундай маалымат бар: 100 баракка жакын экспертизанын материалы келди дешкен. Анын бир экземпляры Минфинде. Бир экземпляры геология агенттигинде. Агенттик бүтүмүн чыгарып Минфинге жөнөттү. Минфин азыр анын үстундө иштеп жатат. «Жакшылап окуп көргүлө, бизге эч кандай пайдасы жок» деп мен Айдралиевге (минфиндин адиси) да, министрдин орун басарларына да айттым. Негизинен адистердин баары каршы, – дейт Орозбек Дүйшеев.

Бирок ошол финансы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев мындан 1 жума мурда финансы кызматкерлеринин майрамына байланыштуу өткөрүлгөн пресс-конференцияда журналисттин берген суроосуна жооп берип жатып, «экспертиза бүттү» деген Камчыбек Кудайбергеновдун жана Тынара Шайдылдаеванын маалыматын төгүнгө чыгарган. Ал экспертиза бүтмөк турсун, эксперттердин өздөрү али тандалып алына электигин айткан.

- Азыркы учурда өкмөт көз карандысыз юридикалык, финансылык жана техникалык компанияларды конкурс менен тандап жатат. Алар өкмөттүн атынан баанын (Кумтөрдүн 2/3 акциясына «Камеко» берген баанын) адилеттүлүгүн текшерет, – деген Эмирлан Төрөмырзаев.

Ага ишенейин десек, калгандардын баары «экспертиза бүттү» деп жатышат. Башкалары туура айтып жатат дейин десек, Эмирлан Төрөмырзаев «Камеко» корпорациясынын сунушун изилдөө жана аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча өкмөт түзгөн жумушчу топтун төрагасы. Ал - Кумтөр тууралуу маалыматты көп билген адам. Бул суроону анын өзүнөн тактайлы десек, ал «башка эч нерсе айталбайм деп» биздин берген сурообузга жооп берүүдөн баш тарткан.

Экспертизанын бүткөн- бүтпөгөнү, ал үчүн кайсы компаниялар тандалып алынганы, кыргыз өкмөтү ага канча акча төлөп берери жана башка ушу сыяктуу «Кумтөргө» байланыштуу суроолорго «Кыргызалтындан» да, финансы министрлигинен да , өкмөт аппаратынан да так жана кененирээк маалымат алууга мүмкүн эмес. Кумтөр жөнүндө маалымат эч кимге бергис мамлекеттик жашыруун сырга айланды. Бир гана үмүт - Жогорку кеңеште.

- Көптөн бери «өкмөттүк саат өткөрүп, премьердин пикирин угалы» деп сунуш кылып келе жаткам. Бүгүн толугу менен макулдаштык: 20-июнда бул маселе боюнча өкмөттүк саат өткөрөбүз. Чечимдин долбоорун даярдап койдум. Депутаттар колдойт деген ойдомун, анда Кумтөр берилбесин деп жазып койдук, - дейт депутат Орозбек Дүйшеев.