«Гансиден» испандык аскерлер кетип, алардын ордуна жаңы зеландиялыктар келмек болушту

БИШКЕК. Ганси авиабазасында жайгашкан Эл аралык антитеррордук коалициянын курамындагы испандык аскер күчтөрү бүгүн негизги кызмат өтөөчү жерине биротоло кайтышты. 45 аскер кызматчысынан жана «Геркулес» аттуу аскердик учактардан турган испаниялык күчтөр Кыргызстанда бир жылдан ашык мезгил болуп, бул аралыкта Кыргызстан менен Өзбекстандан Ооганстанга 3 миң тоннага жакын жүк ташыды. Авиабазанын маалымат бөлүмүнүн билдиргенине караганда, испандыктардын ордуна Жаңы Зеландиянын жоокерлери келишет. Жаңы Зеландия өкмөтүнүн бул тууралуу сунушун кыргыз өкмөтү 2-июнда колдоп берген. Азыр Ганси авиабазасында АКШ, Корея, Голландия, Дания жана Италия мамлекеттеринин аскер-аба күчтөрү турушат. Анын курамында Ф-16 үлгүсүндөгү 12 аскерий учак жана Дания менен Голландиянын бир нече жүк ташуучу жана май куюучу учактары бар. Жакында Дания коалициянын курамында Гансиде жайгашкан аскер күчтөрүнө кыйын жагдай түзүлгөн шартта Шымкент аэропортун кошумча пайдаланууга Казакстандан уруксат алды.