Россиялык аскерлер Чеченстандан чыгарылып кетпейт

Парламенттик жана президенттик шайлоону өткөрүү - Чеченстанда тынчтык орнотуу үчүн маанилүү деди Россиянын президенти В. Путин Би-би-сиге берген интервьюда. Путиндин түшүндүрүшүнчө, шайлоо өткөн соң республикалык өкмөт менен федералдык борбордун бийлик укуктарын бөлүп-тактап алуу - Чеченстандагы саясый жагдайды жөндөө үчүн айрыкча маанилүү.
Путин эскерткенге караганда, аскерлер Чеченстандан толук бойдон чыгарылып кетпейт жана алар Россия Федерациясынын башка бөлүктөрүндө жайгаштырылган аскерлер сыңары республикада кала берет.