Ирак: Саясый кеңештин озипасы

Ирактагы АКШнын граждандык администратору Пол Бремер жекшемби күнү жасаган билдирүүгө караганда, Ирактын убактылуу бийликтери келерки айда Саясый кеңешти түзөт. Бремер Иорданиядагы Дүйнөлүк экономикалык форумда айтканга караганда:

- Биринчи күндөн тартып маанилүү бийликке ээ Саясый кеңешти түзүүнүн максаты - Ирак коомчулугунун бардык катмарынын кызыкчылыгын камтуу. Саясый кеңеш июль айында түзүлөт деген үмүттөбүз.

Бремердин айтымында, Саясый кеңеш министрлерди сунуш кылат жана олуттуу саясый проблемалар боюнча кеңештерди берет.