Ош облусунда ВИЧ-инфекциясын жугузган дагы үч адам катталды

ОШ. Алардын бирөө Ош шаарынын, бирөө Карасуу районунун, бирөө Араван районунун тургуну. Үчүнчүсү жашы жетелектер колониясында тарбияланып жаткан 14 жашар бала. Жалпы каттоого алынгандардын эң жашы эми ошол өспүрүм болуп калды. Жаңы жылдан бери Ош облусунда ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын саны 23кө жетти. Бул өткөн эки жылдын көрсөткүчүнө караганда кыйла аз. 1999-жылдан бери облус боюнча 202 адам катоого алынып, алардын алтоо каза тапкан.