ПРЕЗИДЕНТ А.АКАЕВДИН ЭЛ КЫДЫРУУСУ, КҮЛҮК АРМАНЫ

Кыргыз басылмаларынын жаңы санында президент А.Акаевдин Ош облусун кыдыруусу, эл аралык театр фестивалынын жыйынтыкталышы, республиканын коомдук-саясий турмушунун олуттуу окуялары чагылдырылууда.
Мыйзам чыгаруу жыйынын КООРТ телеканалы «мыйзамдашкан ууру, кылмышкер» катары сыпаттаганы депутаттарды кыйла чычалатканы Эркин Пиримовдун «Туралиев парламентти таратып тынабы?» деген макаласында баяндалган. Ал «Агым» гезитинин шейшембидеги санында жарыяланган. Телесюжеттеги кадрда көрүнгөн аялдын ачуу сөздөрүнө аянбай орун берилгенине токтолгон автор ««политүйбүлө» ошондой чечимге келип, Жогорку Кеңештин ичер суусу чындап эле аз калган өңдөнөт», деп бүтүм чыгарган. Ушул эле гезитте жарыяланган пикиринде депутат Дооронбек Садырбаев: «Мунун баары «күйөө баланын» жасаган иши. Эгер «күйөө бала» кааласа, парламент эмес, президентти тентитип ийет, ушундай күчтүү чыкпадыбы», - дейт.

Бишкектин 125 жылдык мааракесинин урматына өтчү шаң-салтанаттар кожокөрсүнгө гана уюштурулганы башкалаанын «Аккула» атмайданынын саяпкери Туратбек Алгожоевдин «Үч автомашина алмак тургай, баасы 15000 доллардан ашык үч күлүгүбүздөн айрылдык» деген маегинде баяндалган. «13-июнь күнү кунан чабыш болду. Бирок… байгеге биринчи келгенге кубок, экинчи келгенине грамота берилди. Ушул да байгеби?» - дейт ал. Алгожоевдин айтымында, өкмөт ат спортуна көңүл бурбайт, мурунку асыл тукум жылкы заводдору таланып-тонолуп кеткен.

«Аалам» гезитинин шейшембидеги санында президентке талапкерлердин катарында Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаев тууралуу Нургазы Анаркуловдун макаласы жарык көрдү. Автордун жазышынча, өндүрүштү мыкты билген, учурунда бийликке каршы турган демократ жетекчи аймакты оңдой албай, сын айткандардын артынан түшүп, өкүмзор жетекчиге айланып баратыр.

Гезиттин жаңы санында Турсунбек Акундун Топчубек Тургуналиев тууралуу макаласы жарык көрдү. Автордун айтымында, Т.Тургуналиев - кыргыз демократиясынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон инсан. Ошол эле мезгилде ал бир кездеги таасирдүү Кыргызстан демократиялык кыймылын ичтен бөлүп-жаргандардын бири. «Ар кошкон саясий күчтөрдүн бирдиктүү кыймылы ичтен бөлүнбөй-жарылбай турса, президент А.Акаев аны менен эсептешмек, кийин аны жандаган партократтардын таасирине берилип кетмек эмес», деп эсептейт Турсунбек Акун.

Ушул эле гезитте Шекербек Калыков «Улуттук коррупция» феноменине кайрылган. «Президентибиз «Коррупция жетинчи кабатка жетти!» - деп катуу айтты эле. Ошондон бери жетинчи кабатка чыгып, кыдырата олтуруп алышып, коррупцияны издешет да, - деп жазат автор. – Жайнаган көздөр. Жылда кирип издешет. Бирөөсү «мен көрдүм же таптым» деп айтпайт». Автордун пикиринде, Кыргызстан - КМШдагы эң жарды, коррупция чайлап-коолап өнүккөн өлкө.

Кыргызстандын өкмөт башчысы эркин гезиттерди сотко берүүнүн кыныгын алганы Елена Лиственнаянын «Республика» гезитинин шейшемби күнкү санындагы «Н.Танаев: кошоматчыбы же сыйкырчыбы?» деген макаласында кеп болот. «Өкмөт башчынын аброй, арнамысын коргош амалында сот «Моя столица» гезитин 1 миллион сомдук айыппулга жыкты. Өкмөт башчынын ордуна отурган адамдын эркин гезитти сотко берип, парламент депутаттарынын айтканынан кынтык издеп, ыңгайы келсе аларды сотко берүү кеңешин айтып отурушу - кошоматчылыкпы же сыйкырга ишенүүбү?» деп суроо коет автор.

Президент А.Акаев Ош облусунда болуп, ал жердеги иштер менен таанышып чыкканы, анын «Манас» эпосуна жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арналган китеби түрк тилинде чыкканы шейшембидеги «Эркин тоо», «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттеринде маалымдалды. Бишкектеги «Арт-Ордо» театр фестивалы аягына чыкканы Александр Шепеленконун «Слово Кыргызстана» гезитиндеги макаласында кеп болот. «Өнөр жарышына катышкандар мындай иш-чараны дагы улантуу керектигин айтышты», деп белгилейт автор. Кыргызстандын көпчүлүк айыл-кыштактары экологиялык коркунуч алдында калганы Ош облусунун губернатору Накен Касиевдин ушул эле гезиттеги маегинде белгиленген. Губернатордун пикиринде, республикадагы тоолуу айыл-кыштактарды тыкыр текшерип, жашоого коркунучтуу айылдарды аныктап, ал жердеги адамдарды коопсуз жайга көчүрмөйүн маселени оңунан чечиш кыйын.

Өлкөнүн ички иштер, коопсуздук кызматтары, проркуратура кылмыштуу дүйнөгө аянбай каршы турууга камданып калышканын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. «Эми мындай жакшы ниеттин ишке ашышы гана калды, - деп жазат Эрлан Сатыбеков. - Акыры, коом бейпилдикте жашоого акылуу».