Украинада 350 киши сарык менен ооруп калды

Саламаттык министрлигине ылайык, өлкөнүн чыгышындагы Суходилск шаарында гепатиттин А деген түрүн 246 киши, 91 бала жуктуруп алган.
Эпидемия жер астындагы токтоп калган суулар ташып, өткөн аптада шаардын суу жана таштанды системасын каптап кеткенден кийин башталды. Сарыктын инкубация мөөнөтү 35 күн болгондуктан, аны менен ооругандардын саны дагы өсөт болуш керек.