Кыргыз премьер-министри Н. Танаевдин Ирандагы сапары соңуна чыкты

ИТАР-ТАСС агенттигинин маалымдашынча, Танаевдин визити учурунда Кыргызстан менен Иран ортосунда соода-экономика, юстиция жана телекоммуникация, инвестициядан кошкабат салык албоо жана кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча келишимдерге кол коюлду; эки тарап мамлекеттик жана жеке бизнес ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрөлү деп макулдашты.
Николай Танаев эки күндүк сапар учурунда Ирандын президенти Мохаммад Хатами, тышкы иштер министри Камал Харрази жана башка министрлер менен кездешип, бир нече ишканада болду.