ЧОЛПОНАТАДА III ИНВЕСТИЦИЯЛЫК CАММИТ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Сапар Орозбаков, Бишкек 26-июнда Чолпоната шаарында III инвестициялык саммит өз ишин баштады. Анын ишине мамлекет башчысы Аскар Акаев жана чет мамлекеттерден келген таанымал саясатчылар, ишкерлер катышууда.
III инвестициялык саммитке президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк инвесторлор жана өлкөнүн айрым ишкерлери катышып жатышат. Саммитти президент Аскар Акаев кыскача куттуктоо сөз менен ачты. Алды менен президент АКШнын элчиси Жон О'Киф жана Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлү Кристофер Лоулес өңдүү саммиттин активдүү катышуучуларына алардын Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Аскар Акаев өлкөнүн прогресске жетиши жана экономиканын өнүгүшү үчүн мурдагы инвестициялык саммиттердин жана алардын негизинде иштелип чыккан инвестициялык матрицалардын ролу зор экенин айтып өттү.

Ал мурдагы саммиттерде кабыл алынган чечимдердин натыйжасында Кыргызстанга келген тике инвестициялардын көбөйө баштаганын белгиледи. Былтыр тике инвестициялардын көлөмү 116 млн. долларды түзүп, 28% өскөн. Аскар Акаев мыйзамдардын туруксуздугу, бюрократия жана коррупцияга жагымдуу инвестициялык климат түзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгын белгилеп, өлкөнүн инвестициялык климатын изилдөөгө алган Бириккен Улуттар Уюмунун, Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун жүргүзгөн ишин кубаттады.

«Бүгүн биз бул жерге инвестиция тартуунун негизги маселелерин аныкташ үчүн жана инвестициялык климатты жакшыртуунун планын иштеп чыгыш үчүн чогулдук», - деди Аскар Акаев.

III инвестициялык саммиттин негизинде 4-инвестициялык матрица иштелип чыкмакчы. Бейшембиде саммиттин катышуучулары инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча талкуу өткөрүштү. Саммитте Орусиянын мурдагы өкмөт башчысы, Өткөөл мезгил экономикасынын институтунун азыркы директору Егор Гайдаров сөз сүйлөп, салык системасын жакшыртуу боюнча ой бөлүштү. Эртең саммит өз ишин улантат.