Италиянын премьер-министри Европа Союзун АКШ менен ынтымакка чакырды

Франциянын "Европа-1" үналгысында сүйлөгөн сөзүндө Силвио Берлускони Батыш саясий биримдикке муктаж деди. Италия эртең Евросоюздун президенттигин өткөрүп алууда.
Италиянын өкмөт башчысы ошол эле убакта Евросоюзду өздүк аскер күчүн бекемдөөгө чакырды.